Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:29

Аба ырайы: тоолуу аймактарда жаан жаайт


8-июлда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, айрым жерлерде нөшөрлүү жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында тункүсүн 16…21, күндүз 29…34;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 20…25;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 22…27.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күңдүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19°, күндүз 27…29° ысык болот.

XS
SM
MD
LG