Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:49

Казакстан Кыргызстандан коон-дарбызды тез сатууга "жашыл коридор" берүүгө даяр экенин билдирди


Талаада жыйналган коон. Иллюстрациялык сүрөт.
Талаада жыйналган коон. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги Казакстандын Соода жана интеграция министрлиги менен экспортту уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында казак тарап жергиликтүү бийлик ээлери менен макулдашып, Казакстандын бардык шаарларында кыргызстандык дыйкандар өндүргөн жашылча-жемиштерди сатуу үчүн соода жайларын бөлүп берүүгө жардам бермей болду.

Мындан тышкары казак тарап Кыргызстандан дарбыз менен коонду тез алып кирүү үчүн “жашыл коридор” берүүгө даяр экенин билдирди.

"Бул кыргыз-казак кызматташтыгы кыргызстандык дыйкандарга өндүргөн азыктарын сатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат жана эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты бекемдөөгө жардам берет", - деп жазылган маалыматта.

Өндүргөн жашылча-жемишин Казакстанда сатууну каалагандар төмөнкү адистерге кайрылышса болот:

Мадиева Бермет Искендеровна – Экспорт жана интеграция боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнун башкы адиси; (+996500270791);
Анарбеков Искак Анарбекович – Кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерин ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси; (+996555346060);
А. Абдрашов (+7 702 830 0630)- Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү;
Е. Ауэзов (+7 777 123 4177) – Казакстандын соода жана интеграция министрлигинин өкүлү.

Казакстан буга чейин Кыргызстандын азык-түлүктөрүн аймагында сатууга көп учурда уруксат бербей келген. Буга Кыргызстандагы эпизоотикалык жана башка кырдаалдар себеп экени айтылып келген.

Мурдагы жылдары кыргызстандык дыйкандар өстүргөн жашылча-жемишин Казакстан аркылуу Орусияга алып барып сатууда да транзит учурунда кыйынчылыкка кабылышарына даттанып келишкен.

Кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташыган автоунаалардын Казакстанга киргизилбей, жыйылуусуна казак тарап кыргызстандык ишкерлердин документтери так эместигин жүйө кылса, Кыргызстан кошунасын ЕАЭБде чогуу болгонуна карабай, кысымга алганы үчүн айыптап келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG