Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:12

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси кызматына киришти


Орусиянын элчиси Сергей Вакунов (солдо) жана Кыргызстандын тышкы иштер министринин 1-орун басары Асеин Исаев. Бишкек. 5-июль, 2024-жыл
Орусиянын элчиси Сергей Вакунов (солдо) жана Кыргызстандын тышкы иштер министринин 1-орун басары Асеин Исаев. Бишкек. 5-июль, 2024-жыл

Кыргызстандын тышкы иштер министринин (ТИМ) биринчи орун басары Асеин Исаев 5-июлда Орусиянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сергей Вакуновдун ишеним грамотасынын көчүрмөсүн кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушуу жүрүшүндө кыргыз-орус мамилелерин өнүктүрүүнүн бир катар актуалдуу маселелери, анын ичинен саясий диалогду тереңдетүү тууралуу сөз болду.

Мындан тышкары соода-экономикалык, гуманитардык жана башка тармактарда кызматташтыкты өнүктүрүү маселеси да талкууланды.

Орусиянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Николай Удовиченконун дипломаттык миссиясы июнь айынын ортосунда аяктаган. Элчилик кызматтан кетеринде аны президент Садыр Жапаров "эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн" Ардак грамотасы менен сыйлаган.

62 жаштагы Сергей Вакунов Москвадагы М.В.Ломоносов атындагы мамлекеттик университетти аяктаган. 2010-2024-жылдары Орусиянын президентинин башкармалыгында Чет өлкөлөр менен аймак аралык жана маданий байланыштар боюнча референт кызматында иштеген.

Орусия - Кыргызстандын негизги стратегиялык өнөктөшү. Эки өлкө Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги (КМШ), Жаматтык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ) сыяктуу бир катар уюмдарга мүчө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG