Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:39

Казакстандык белгилүү ырчы Кайрат Нуртас 15 суткага камалды


Казакстан жана Кыргызстанда белгилүү ырчы Кайрат Нуртас
Казакстан жана Кыргызстанда белгилүү ырчы Кайрат Нуртас

Астанада сот 5-июлда ырчы Кайрат Нуртасты майда бейбаштыкка барганы үчүн күнөөлүү деп таап, 15 суткага эркинен ажыратты.

Жергиликтүү маалымат каражаттары жазгандай, Алматыдан Астанага бараткан учакта Кайрат Нуртас менен дагы бир ырчы Асылбек Беккайыров чырдашып, Нуртас Беккайыровду башка бир койгон.

Эки тараптын элдешкенине байланыштуу "бирөөнүн саламаттыгына атайылап жеңил залака келтирүү" беренеси боюнча козголгон иш кыскарды.

Сотто 35 жаштагы Нуртас жабырлануучу өзү экенин билдиргени кабарланды.

Буга чейин апрелде ырчы майда бейбаштыкка барганы үчүн күнөөлүү деп табылып, айып пул менен кутулган.

Нуртас Казакстан менен Кыргызстанда дагы белгилүү ырчы. Айрым жылдары ал Forbes Kazakhstan журналынын версиясы боюнча Казакстандагы эң көп суроо-талап коюлган ырчылардын сап башында турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG