Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

YouTube кремлчил ырчылар Шаман менен Гагаринанын каналдарын блоктоду


Орусиялык ырчы Полина Гагарина Eur0vision ыр сынагына катышып жаткан учур. 2015-жыл.
Орусиялык ырчы Полина Гагарина Eur0vision ыр сынагына катышып жаткан учур. 2015-жыл.

YouTube хостинги 4-июлда Кремлди жактаган ырчылар Ярослав Дронов (Шаман) менен Полина Гагаринанын каналдарын блоктоду. Бул аткаруучулар Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларынын 14-айлампасынын алкагында "кара тизмеге" киргизилген. Шамандын каналда эки миллиондой катталуучусу бар эле.

Ал "орус" болгону үчүн каналы блоктолгонун жазды.

Андан тышкары Олег Газманов, Григорий Лепс, Юлия Чичерина сыяктуу ырчылардын да каналдары жабылды.

Маалыматка караганда, орусиялык ырчылардын расмий каналдары Литванын радио жана телевидение боюнча комиссиясынын Google менен YouTube'га кайрылуусунан кийин блоктолгон.

Буга чейин аталган аткаруучулардын ырлары Spotify музыкалык сервисинен да жоголгон.

Эске сала кетсек, бул ырчылар Орусиянын бардык мамлекеттик иш-чараларында ырдап, Москванын Украинага кол салуусун колдоп келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG