Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

5-июль: Кыргызстанда 11 журналисттин соту уланды, Орусияда 500дөй мигрант күч менен чыгарылды


Бишкектин Ленин райондук сотунда жапырт камалган 11 журналисттин иши каралууда. Журналист Махабат Тажибек кызы.
Бишкектин Ленин райондук сотунда жапырт камалган 11 журналисттин иши каралууда. Журналист Махабат Тажибек кызы.

5-июлда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

11 журналисттин иши боюнча соттук кароо уланды

5-июлда Бишкектин Ленин райондук сотунда жапырт камалган 11 журналисттин ишин кароо уланды. Отурумда айыпталуучулар, жактоочулар отурумду фото, видеого тартууга кайрадан уруксат сурады. Сот андан баш тартты.

Мындан кийин айыпталуучулар көрсөтмө бере баштады. Алгач журналист Махабат Тажибек кызы сүйлөп, Temirov Live каналындагы иликтөөлөргө ички иштер министри Улан Ниязбеков жана депутат Шайырбек Ташиев жөнүндө иликтөөлөргө “Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү маалымат берип жүргөн” деп айтты.

Сот Адахан Мадумаровдун мандаты боюнча арызын четке какты

4-июлда Бишкектин административдик соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаровдун мандатына байланыштуу жаңы ачылган жагдайлар боюнча арызын кароо өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Жети ай Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Адахан Мадумаров 26-апрелге караган түнү боштондукка чыккан. Бул күнү биринчи инстанциянын чечимине 30 күн болгон.

Ушул тапта анын өкүм боюнча апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда каралып жатат.

Москвада кармалган кыргызстандык аялдын иши тергелип бүттү

Москвада жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыпталып кармалган кыргызстандык келиндин иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүүгө даярдалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын укук коргоо органдарына шилтеме жасоо менен билдирди.

Бир күн мурун келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов кыргызстандык аялдын балдар үйүнө алынган 1,5 жашар баласы туугандарына өткөрүп берилгенин "Азаттыкка" айтып берген.

"Азаттык" Москвада полиция кыргызстандык келинди "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыптап кармап, анын 1,5 жашар наристесин балдар үйүнө алып койгонун 26-июнда жазган эле.

Украинада казакстандык журналист Айдос Садыковдун сөөгү жерге берилди

Киев облусунун Чайки айылында 5-июлда казакстандык журналист жана оппозициячыл активист Айдос Садыковду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Казакстандын бийлигин сынга алган видеоматериалдарды жарыялап келген "Бәсе" YouTube-каналынын негиздөөчүсүн 18-июнда Киевдеги үйүнүн короосунан атып кетишкен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, 2-июлда эсине келбей көз жумду.

Дене тарбия жана спорт академиясынын ректору кармалды

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору 100 миң сом өлчөмүндөгү акчаны талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 5-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Аталган академиянын ректору А.С.С. көрсөтүлгөн сумманы окуу жайдын Бишкектин Ахунбаев көчөсүндөгү имаратынын бөлүгүн ижарага алуу келишимин узартуу үчүн талап кылган.

Ректор 1000 АКШ доллар өлчөмүндөгү каражаттардын бир бөлүгүн алуу учурунда кармалган.

Алайда алты жашар бала сууга агып чарчап калды

Алай районундагы Мурдаш суусуна агып кеткен алты жашар Н. А. аттуу баланын сөөгү 5-июлда табылды. Аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары таап, жакындарына өткөрүп беришти.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, 4-июль күнү саат 21:00 чамасында Мурдаш суусуна "Lada 222140" үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада айдоочу баласы менен болгон. Жергиликтүү эл айдоочуну куткарып калышкан, бала табылбай калган.

Депутат Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен чырдашканын ырастады

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев Бишкектеги соода борборлордун биринде күзөтчү менен чырдаша кеткенин ырастады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына жазып, окуя боюнча милицияга арыз берип, кайра алганын билдирди.

Депутаттын айтымында, окуя мындан 20 күн мурун соода борбордун автоунаа токтотуучу жайынан машине менен чыгып баратканда болгон.

Ленин райондук ички иштер бөлүмү депутат катышкан чыр боюнча маалымат берди. Милиция кабарлагандай, 21-июнда 102 кызматына соода борборлордун биринин автоунаа токтотуучу жайынын кызматкери менен айдоочунун уруша кеткени жөнүндө маалымат түшкөн.

УКМК бийликти күч менен басып алууну пландаган адамдар кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанда бийликти күч менен басып алууну пландаган деструктивдүү топтун ишмердигине бөгөт коюлганын билдирди.

Атайын кызмат 5-июлда тараткан маалыматка ылайык, алар массалык башаламандыктарды уюштуруу жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аркылуу күч колдонуу менен бийликти басып алууну максат кылышкан деп айыпталууда.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында (К.Б.А., М.Э.Ж., Б.Б.К., М.А.Ж. жана С.А.Б.) беш адам кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Карачай-Черкес жумуриятында никабга убактылуу тыюу салынды

Орусияга караштуу Карачай-Черкес жумуриятынын Мусулмандар дин башкармалыгы никаб кийүүгө убактылуу тыюу салды. Бул тууралуу РБК басылмасы кабарлады. Маалыматка караганда, чектөө "аныкталган коркунучтар жоюлмайынча" күчүндө болот.

Карачай-Черкес жумуриятынын муфтийи жана Түндүк Кавказ аймагындагы Мусулмандардын координациялык борборунун башчысы Хажи Бердиевдин айтымында, мындай чечим борбордун Муфтийлер кеңешинин токтомуна ылайык кабыл алынды.

3-июлда Дагестандын муфтияты "калк коопсуздугуна жаралган коркунучтан улам" никаб кийүүгө убактылуу тыюу салган.

Хабаровскиден 500дөй мыйзамсыз мигрант күч менен чыгарылды

Орусиянын Хабаровск аймагынын соту жыл башынан бери мыйзамсыз жүргөн 500дөн ашуун мигрантты күч менен чыгарды. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазды.

Депортациялангандар арасында канча борбор азиялык бар экени белгисиз. Орусиянын ар кайсы аймактарында мигранттарга каршы рейддер уланып жатат.

БШК эки округдагы шайлоодо Тыналиев менен Салымбековду жеңүүчү деп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.

Тыналиев өз округунда 3 498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 623 кишинин (64,68%) добушуна ээ болгон.

БШК Ноокат округу боюнча шайлоодо Мариповду жеңүүчү деп тапты

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу №5 Ноокат округу боюнча өткөн шайлоодо көп добуш алган талапкер Бакытбек Мариповду жеңүүчү деп тапты. 5-июлдагы отурумда БШКнын мүчөлөрү бир добуштан кабыл алды.

Ноокат округу боюнча шайлоого катышкан беш талапкердин арызынын негизинде беш шайлоо тилкесинде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынгандан улам чечим кечигип жаткан.

БШКнын 5-июлдагы отурумунда добуштар кайрадан эсептелгени кабарланып, анда олуттуу мыйзам бузуулар аныкталбаганы маалымдалды.

Бишкекте жаңы “Ош базарды” камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды

5-июлда Бишкек шаарында турак жай кварталын, “Ош базарынын” жаңы комплексин, жаңы Батыш автобекетин жана башка социалдык объектилерди камтыган көп функционалдуу шаарчанын курулушу башталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Комплекс Фучик көчөсүнүн батыш тарабында, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгинде жайгашат. Болжолдонгон аймактын жалпы аянты 162 гектарды түзөт.

Британия: парламенттик шайлоодо Кир Страмер башында турган лейбористтер алдыга чыкты

Британияда 4-июлда өткөн парламенттик шайлоодо Кир Стармер башында турган Лейбористтер партиясы алдыга чыкты. Алдын ала жыйынтыктырга караганда, алар 410 аймакта жеңди. Бул парламенттеги 650 орундун 400дөн көбүн ээлейт дегенди билдирет. Азырынча добуштарды эсептөө соңуна чыга элек.

Эми партия лидери Британиянын кийинки өкмөт башчысы болору күтүлүүдө.

Садыр Жапаров ТМУнун саммитине катышуу үчүн Азербайжанга жөнөп кетти

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-июлда, иш сапар менен Азербайжанга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин администрациясы кабарлады.

Мамлекет башчы бул сапар алкагында 6-июлда боло турган Түрк мамлекеттеринин уюмуна (ТМУ) мүчө-өлкө башчыларынын бейформал саммитине катышат.

Баткен облусунда да Ооганстанда өндүрүлгөн суусундук сатыктан алынды

Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында, Лейлек районунда жана башка аймактардагы дүкөндөрдө Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды соода түйүндөрүнөн сатыктан алына баштады. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактагы бөлүмү кабарлады.

Аталган суусундуктар 3-июлдан тартып Ош шаарындагы соода түйүндөрүнөн сатыктан алына баштаган.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундук “балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин – Е 122 боёгун камтыйт” деп табылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG