Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:11

Баткен облусунда да Ооганстанда өндүрүлгөн суусундук сатыктан алынды


Баткендеги соода түйүндөрүндө Golden life (“Золотая жизнь”) суусундуктарын сатыктан алуу учуру.
Баткендеги соода түйүндөрүндө Golden life (“Золотая жизнь”) суусундуктарын сатыктан алуу учуру.

Баткен облусунун Баткен, Кызыл-Кыя, Раззаков шаарларында, Лейлек районунда жана башка аймактардагы дүкөндөрдө Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды соода түйүндөрүнөн сатыктан ала баштады. Бул тууралуу Оорулардын
алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин аймактагы бөлүмү кабарлады.

Мекеменин кызматкерлери дүкөндөргө акттарды түзүп, эскертүүлөрдү берди.

Аталган суусундуктар 3-июлдан тартып Ош шаарындагы соода түйүндөрүнөн сатыктан алына баштаган.

Маалыматка ылайык, аталган иш-аракеттер Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундук “балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин – Е 122 боёгун камтыйт” деп табылган.

Golden life (“Золотая жизнь”) суусундугунун өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары бул боюнча комментарий бере элек.

Ооганстанда өндүрүлгөн Golden life суусундугу рынокто соңку бир-эки жылдан бери гана пайда болду. Аны айрым блогерлер жарнамалап жатышкан. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда суусундуктун зыяндуулугун айткан билдирүүлөр жарыялана баштаган.

Суусундуктун таңгагында ал анардын ширесинен жасалганы жазылган. Азыкты сынга алгандар муну сынга алып, суусундук химиялык кошулмалар жана даам күчөткүчтөр менен жасаларын сындап келишкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG