Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:09

Венгриянын лидери Орбандын Москвага барышы Евробиримдиктин нааразылыгын жаратты


Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Москвада. 5-июль, 2024-жыл.
Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан Москвада. 5-июль, 2024-жыл.

Венгриянын өкмөт башчысы Вирктор Орбан Евробиримдиктин лидерлерин кабардар кылбастан 5-июлда Москвага барды. Ал Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту. Путин ага Украинадагы кырдаалды талкуулоону жана Венгрия менен Евробиримдиктин позициясын тааныштырууну сунуштады.

Учурда Евробиримдикте төрагалык кылып жаткан Венгриянын лидери 2-июлда күтүүсүздөн Киевге барган. Ал украин президенти Владимир Зеленскийге жолугуп, ок атышууну токтотууну сунуштаган. Орбандын пикиринде, мындай кадам Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн "ыргагын тездетмек".

Евробиримдиктин лидерлери дароо Орбандын Орусияга сапарына тиешеси жоктугун белгилеген билдирүүлөрдү таратышты.

Орбан менен Москвага чогуу барган Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто учактан чыгып бараткан сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялап, "Москвага келдик. Тынчтыкка карай дагы бир кадам!" деп жазды.

Атын ачык атагысы келбеген Евробиримдиктин жогорку даражалуу аткаминерлеринин бири "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиргендей, Орбан Москвага сапары тууралуу Брюсселге эч нерсе айткан эмес.

Шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррель 5-июлда тараткан билдирүүсүндө "Орбан Еврокеңештен Москвага барууга эч кандай мандат албаганын" айтты.

Орбан буга чейин деле Путин менен тыгыз байланышта болуп, Батыштын Орусияга салган санкцияларына каршылыгын билдирип, Украинага жардам көрсөтүү боюнча аракеттерге кошулуудан баш тартып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG