Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:42

Кыргызстанда мектеп бүтүрүүчүлөрүнө биринчи ирет электрондук аттестат кошо берилди


Мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты.
Мектеп бүтүрүүчүсүнүн аттестаты.

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү орто жалпы билими жөнүндө документтерди тапшырды. Бул тууралуу маалымат мекеменин сайтында жарыяланды.

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик үлгүдөгү аттестаттары эки форматта – электрондук жана кагаз түрүндө даярдалып, берилди.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Анда бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү “Түндүк” сервисинен алынат. Бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин терген маалда автоматтык түрдө анын паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда 2023-2024-окуу жылында 11-классты 76 миң 244, 9-классты 127 миң 176 бүтүрүүчү аяктайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG