Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:32

Ноокат шайлоо округу: беш тилкедеги добуштар кайра саналат


Добушканалардын бири. Архив сүрөт.
Добушканалардын бири. Архив сүрөт.

№5 Ноокат шайлоо округунан талапкерлер Артыкбай Абдивалиев, Санжарбек Төлөнбаев, Касымбек Кыланов, Элдар Кудайбердиев жана Бакытбек Ажыгулов Борбордук шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылышты. Алар шайлоо күнү Ноокатта 30 мүнөт электр жарыгы өчүп калганын, бул шайлоо жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн экенин билдиришкен.

3-июлда Борбордук шайлоо комиссиясында талапкерлердин арызы каралып, №5385, №5401, №5452, №5400, №5380 шайлоо тилкелеринде добуштарды кайра саноо чечими кабыл алынды.

Жыйынга катышкан талапкерлер шайлоодогу башка мыйзам бузуулар жөнүндө дагы айтышты. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардык арыздар каралып, жыйынтык чыгарыларын билдирди.

30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.

Боршайкомдун автоматташтырылган эсептөө системасынын баштапкы жыйынтыгы боюнча №5 Ноокат округунан талапкер Бакытбек Марипов 11 миң 523 (44.99%) шайлоочунун добушун алып, алдыга чыккан.

№29 Свердлов округунан Жумабек Салымбеков 10 миң 611 (64.61%) шайлоочунун добушуна ээ болуп, алдыга озду. №36 Ысык-Көл округунан талапкер Айжигит Тыналиев 3498 (16.04%) добуш алып, атаандаштарын артка калтырды.

Үч округдан жалпы 29 талапкер ат салышты, алардын экөө гана аялдар болду. (TSh)

XS
SM
MD
LG