Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:09

УКМК Көлбаевдин жакындарына өтүп кеткен 1 гектар жерди мамлекетке кайтарды


Камчы Көлбаевдин жакындарына өтүп кетип, кайра мамлекетке кайтарылган жер тилкеси. УКМК тараткан сүрөт.
Камчы Көлбаевдин жакындарына өтүп кетип, кайра мамлекетке кайтарылган жер тилкеси. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атайын операция маалында өлтүрүлгөн кримтөбөл Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) уюшкан кылмыштуу тобунун кыймылсыз мүлктөрүн конфискациялоо боюнча активдүү иштерди улантып, ал менчиктештирип алган жер тилкесин мамлекетке кайтарганын билдирди.

“К. Асанбек 2023-жылы мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу максатында Чолпон-Атадагы жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорт ишканасынын 1 гектар аянттагы жер тилкесин жеке менчикке алып, аны У.А.К. аттуу жакын тууганынын атына каттагандыгы аныкталган. Мындан улам УКМК аткарган тийиштүү чаралардын натыйжасында сметалык баасы 21 миллион 315 миң сомду түзгөн аталган жер тилкеси Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигине өткөрүлүп берилди” – деп айтылат атайын кызматтын соңку билдирүүсүндө.

Кримтөбөл Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Улуттук коопсуздук комитетинин операциясы маалында жок кылынган. Бул окуядан кийин атайын кызмат Кыргызстандагы криминалга каршы күрөш баштаганын жарыялап, Көлбаевге тиешеси бар деген негизде ондогон кишини кармады. Алардын арасында саясатчылардан баштап, ишкерлер, кылмыш топторунун мүчөлөрү да бар.

Мындан тышкары Көлбаевдин өзүнө таандык жана анын көмөгү менен, “кылмыштуу каражаттарына” алынган турак жай, коттеждер, жер тилкелери, кымбат баалуу автоунаалар жана ар кандай объектилер мамлекетке өткөнү белгилүү болгон. УКМК Көлбаевдин 1 млрд долларлык мүлкү аныкталып, алардын дээрлик баары камакка алынганын жарыялаган.

Кийин өкмөт Көлбаевдин кымбат баалуу алты унаасын үч жолу сатыкка чыгарган. 2023-жылы декабрда жана 2024-жылы январда жарыяланган аукционго бир да өтүнмө түшкөн эмес. Үчүнчүсүндө гана бешөө сатылганы жарыяланган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG