Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:52

Астанада ШКУга мүчө-мамлекеттердин лидерлеринин жыйыны башталды


Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлери жана өкүлдөрү. Астана, Казакстан. 4-июль, 2024-жыл.
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин лидерлери жана өкүлдөрү. Астана, Казакстан. 4-июль, 2024-жыл.

Казакстандын Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кезектеги жыйыны башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын президентинин администрациясы кабарлады.

Саммиттин катышуучуларын, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Эгемендик сарайында тосуп алды.

Саламдашуу жана чогуу сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин өлкө лидерлери сүйлөшүү залына өтүштү.

Иш-чарага Казакстандын, Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Кыргызстандын, Пакистандын, Орусиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын, Беларустун, Монголиянын, Азербайжандын, Катардын, Түркиянын лидерлери жана өкмөт башчылары катышууда.

Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев мурдараак билдиргендей, ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлери уюмдун форматында көп тараптуу жана көп векторлуу кызматташуунун маанилүү маселелерин, ошондой эле регионалдык жана эл аралык саясаттын маселелерин талкуулашат.

Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Астана декларациясына кол коюлат.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ШКУнун мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 3-июлда Казакстанга барды. Жапаров жыйындын алдында Астанада Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух менен жекече жолугушууларды өткөрдү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG