Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:35

Сотто төрт журналисттин бөгөт чарасы каралбай, алар камакта калды


Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.
Азамат Ишенбеков менен Актилек Капаров Ленин райондук сотуна алынып келаткан учур. 7-июнь, 2024-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 4-июлда жапырт камалган журналисттердин төртөөнүн бөгөт чарасы боюнча адвокаттардын арызын карады.

Судья тергөө абагында отурган төрт кабарчы - “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, кызматкери Азамат Ишенбековдун, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровдун жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын бөгөт чарасын кароо боюнча адвокаттын арызын караган жок.

Адвокат Улан Сатыбеков журналисттерге билдиргендей, Ленин райондук сотунда 7-июнда өткөн баштапкы соттук угууда шектүүлөрдүн камак мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан. Жактоочулар буга каршы шаардык сотко арыз беришкен.

4-июлдагы отурумда мамлекеттик айыптоочулар "баштапкы соттук угуудагы токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Натыйжада журналисттер камакта калды.

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылууда. Кийинки отурум 5-июлга белгиленген.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Кийин жети киши ар кандай себептер менен эркиндикке чыккан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келет.

Иш мурда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилип, 10-майда иш Ленин райондук сотуна жиберилген. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун “токтом даттанууга жатпайт” деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG