Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:43

Ошто Ооганстандан келген суусундуктар сатыктан алына баштады


Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды сатыктан алуу учуру.
Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды сатыктан алуу учуру.

Ош шаарынын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору Golden life (“Золотая жизнь”) аталышындагы суусундуктарды калаадагы соода түйүндөрүнөн сатыктан ала баштады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматына ылайык, аталган иш-аракеттер Кыргызстандын Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык департаментинин тиешелүү буйругунун негизинде калктын, айрыкча балдардын ден соолугун коргоо максатында жүргүзүлүүдө.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында Ооганстандан чыгарылган аталган суусундук “балдардын активдүүлүгүнө жана көңүл буруусуна терс таасирин тийгизген азорубин – Е 122 боёгун камтыйт” деп табылган.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун кызматкерлери соода түйүндөрүнүн ээлерине жогорудагы продукцияны сатууга тыюу салуу тууралуу тиешелүү көрсөтмөлөрдү беришти.

Golden life (“Золотая жизнь”) суусундугунун өндүрүүчүлөрү жана импорттоочулары бул боюнча комментарий бере элек.

Ооганстанда өндүрүлгөн Golden life суусундугу рынокто соңку бир-эки жылдан бери гана пайда болду. Аны айрым блогерлер жарнамалап жатышкан. Акыркы күндөрү социалдык тармактарда суусундуктун зыяндуулугун айткан билдирүүлөр жарыялана баштаган.

Суусундуктун таңгагында ал анардын ширесинен жасалганы жазылган. Азыкты сынга алгандар муну сынга алып, суусундук химиялык кошулмалар жана даам күчөткүчтөр менен жасаларын сындап келишкен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG