Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Кыргыз акындарынын китептери түрк тилинде жарык көрдү


Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму чыгарган китептер.
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму чыгарган китептер.

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен алты кыргыз акынынын китептери түрк тилинде жарык көрдү. Алар: Элмирбек Иманалиевдин "Аманат" (Emanet), Эрнис Асек уулунун "Үшкүрүк" (İç çekiş), Зайырбек Ажыматовдун “Жүрөктөгү бороон” (Yürek ve yerküre) , Тазагүл Закированын “Муз үстүндө бийлеген кыз” (Buzda dans eden kız), Сагын Беркиналиеванын “Асманда бийлеген сулуу” (Gökyüzünde dans eden güzel) жана Өмүрбек Тиллебаевдин "Нур тамыр" (Nur pınarı) аттуу ыр жыйнактары.

Китептердин бет ачары 3-июлда Бишкектеги Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада өттү. Ага ТҮРКСОЙдун баш катчысы Султан Раев, Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, китептердин авторлору, көзү өткөн авторлордун жакындары, акын-жазуучулар жана окурмандар катышты.

ТҮРКСОЙ кыргыз, казак, азербайжан, өзбек, түрк, түркмөн, мажар адабияты, дүйнөнүн ар кайсы булуңунда жашаган түрк тилдүү элдердин руханий баалуулуктарын иликтеген эмгектерди жарыялап келет. 2022-жылы уюмдун колдоосу менен кыргыз жаштар поэзиясынын антологиясы да түрк тилинде жарык көргөн.

2023-жылы да уюмдун колдоосу менен кыргыз жазуучулары Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, акындар Молдо Нияз, Жолон Мамытов тууралуу эмгектерден сырткары, азыркы заманбап калемгерлерден жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын “Эки эшиктүү үй”, акын, “Азаттыктын” журналисти Бурулкан Сарыгулованын “Жолдогу ойлор”, ⁠Атантай Акбаровдун “Энелер бейиштин мекени”, ⁠Абдилат Дооровдун “Эмнегедир теше тиктейм алысты” деген китептери чыккан. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG