Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Москвада кармалган кыргызстандык келиндин баласы туугандарына берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыпталып кармалган кыргызстандык келиндин балдар үйүнө алынган 1,5 жашар баласы туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов "Азаттыкка" билдирди:

"Биз баланын атасынан ишеним кат алып бердик. Анын үстүнө "Азаттыкка" макала чыккандан кийин комментарийлерде элчиликтин, консулдуктун дарегине катуу сындар айтылыптыр. Элчилик реакция жасап, баланы энесинин туугандарына өткөрүлүп берилишин тездетти".

Бала келиндин бир тууган сиңдисине берилген. Келиндин эжеси "Азаттыкка" баланы алууга адвокаттын салымы чоң болгонун, ошондой эле Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Мовква шаарындагы Башкы консулдук көмөктөшкөнүн айтты.

"Азаттык" Москвада полиция кыргызстандык келинди "Мыйзамсыз миграция уюштурууга" айыптап кармап, анын 1,5 жашар наристесин балдар үйүнө алып койгонун 26-июнда жазган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 410 миңден ашуун кыргызстандык жаран Орусияда.

Министрлик кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарганын билдирген.

Орусияда мигранттардын азайышына өлкөдө чет жактан келип иштеген жарандарга карата мыйзамдардын катуулашы негизги себеп болууда.

Орусиядагы мигранттарга мамиле жана эреже, талаптар Украинадагы согуш башталгандан кийин өзгөчө катаалдашты. Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык уюмда - ЕАЭБде экенине карабай, кыргыз мигранттары тынымсыз текшерүүлөргө, басым-кысымга кабылганына даттанып келет. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG