Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Украина: Днепрде Аза күтүү күнү жарыяланды, Зеленский абадан коргонууга жардам сурады


Днепр.
Днепр.

Украин президенти Владимир Зеленский 3-июлда Днепр аймагында Орусиянын кеминде беш кишинин өмүрүн алган кезектеги ракеталык чабуулунан кийин Батышты өлкөнүн абадан коргонуу системасын бекемдөөгө, алыска жете алуучу курал-жарак жагынан жардамдашууга дагы бир жолу чакырды.

"Орусиянын бул террорун эки гана нерсе токтото алат – заманбап абадан коргонуу системалары жана биздин курал-жарагыбыздын алыскы аралыкка жетүү мүмкүнчүлүгү. Дүйнө адамдардын өмүрүн сактап кала алат жана бул үчүн лидерлердин чечкиндүүлүгү зарыл болууда. Террордон коргоону кайрадан нормага айландыра ала турган жана ошого милдеттүү болгон чечкиндүүлүк ", - деп жазды Зеленский X (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүнө.

Зеленский Украинанын асманын коргоп берүүгө жардамды согуш башталгандан бери тынбай сурап келе жатат. 30-июнда Запорожье облусунун Вольнянск шаарында жети киши каза болгон, 35 киши жараат алган чабуулдан кийин ал «Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу» үчүн «орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек» экенин айткан болчу.

3-июлдагы соккудан кеминде 40 киши жараат алды, арасында балдар бар. Днепропетров облусунун башчысы Сергей Лысак үйлөр талкаланып, көп жерде өрт чыкканын билдирди. 4-июль Днепр шаарында Аза күтүү күнү деп жарыяланды. Соңку беш күндөн бери бул калаа Орусиянын чабуулуна үчүнчү жолу кабылууда.

Орусия бир нече айдан бери Украинанын энергетика тармагын да талкалоодо. Март айында украин өкмөтүнүн башчысы Денис Шмыгаль өлкөнүн жылуулукту чыгаруучу кубаттуулугунун 80 пайызы жок кылынганын айткан.

Орусия ушул эле күнү үч аймагы дрон чабуулуна кабылганын билдирип, бул үчүн Украинаны айыптады. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, учкучсуз учактар Белгороддо, Брянскиде жана Москвада атып түшүрүлдү, өлкө түштүгүндөгү Новороссийск шаары көздөй бараткан эки согуштук катер жок кылынды.

Соңку айларда Украина Орусиянын ичиндеги күйүүчү май өндүрүүчү жайларды, негизинен орус армиясы үчүн иштеген мунай иштетүүчү ишканаларды бутага алууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG