Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстан менен Швейцариянын алакасын тереңдетүү маселеси талкууланды


Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек. 3-июль, 2024-жыл.
Швейцариянын тышкы иштер министри Иньяцио Кассис жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Бишкек. 3-июль, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 3-июлда өлкөгө расмий сапар менен келген Швейцариянын тышкы иштер федералдык департаментинин башчысы Иньяцио Кассисти кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.

Жолугушууда Кыргызстан менен Швейцариянын кызматташтыгы талкууланып, анын ичинде саясий, соода-экономикалык алакасы жөнүндө сөз болду.

Ошондой эле эле Швейцариянын Кыргызстандагы долбоордук ишмердүүлүгү, туризмди жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

"Президент 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард доллардан ашкандыгын айтып, бул көрсөткүчтү мындан ары жогорулатуунун үстүндө биргеликте жигердүү иш алып баруу зарылдыгы боюнча пикирин билдирди. Садыр Жапаров Ысык-Көл облусундагы сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча ишкананы, ошондой эле Швейцария 20 миллион франктан ашык салым кошкон Ат-Башы ГЭСинин реконструкцияланышын айтып өттү", - деп жазылган маалыматта.

Жапаров банк жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты бекемдөөнү, тоо саммитин алдыга жылдырууну сунуштады.

Иньяцио Кассис эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын потенциалы жогору экенин белгиледи. Швейцария эки тарап те кызыкдар тармактар боюнча кызматташтыкты тереңдетүүгө даяр экендигин айтты.

Кассис 2-июлдун кечинде Кыргызстанга расмий сапар менен келди. 3-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушту.

Кыргызстан менен Швейцариянын ортосунда дипломатиялык мамиле 1992-жылдан тартып түзүлгөн. 1996-жылы Бишкекте Швейцариянын өнүктүрүү жана кызматташтык агенттигинин кеңсеси ачылса, Кыргызстан ошол эле жылы Швейцарияда элчилик ачкан. Швейцария болсо Бишкекте 2012-жылы элчилик уюштурган.

Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө Тышкы иштер федералдык департаменти деп аталат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG