Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Украина салгылашуу уланып жатканын билдирди, Полтавадагы чабуул тууралуу маалыматты четке какты


Украина.
Украина.

Украинада соңку суткада Орусиянын чабуулдарынан кеминде бир киши каза болду, бир нече киши жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик башчылары билдиришти.

Херсон облусунда, аскердик администрация башчысы Александр Прокудиндин айтымында, 2-июлда 54 жаштагы аялдын өмүрү кыйылды, дагы сегиз киши жараат алды.

Днепров облусунда 28-июндун кечиндеги ракета чабуулунан талкаланган көп кабаттуу үйдүн уранды астынан дагы бир тургундун сөөгү табылганын, бул соккудан каза тапкандар саны экиге жеткенин жергиликтүү администрация төрагасы Сергей Лысак билдирди. Анын айтымында, урандынын 70% тазаланып бүттү.

Соңку суткада фронтто 189 жолу кагылышуу болгонун, Покровск багытында абал курч экенин Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы билдирди. Мекеменин маалыматында Орусия Северск жана Торецк багыттарында чабуулдарын активдүү жүргүзүп жатканы белгиленди.

Ал тапта Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аба күчтөрү Полтава облусунда учактары жок кылынганы тууралуу Орусиянын маалыматын четке какты.

Мекеменин билдирүүсүндө «Душмандын үгүтчүлөрү сөзү менен «жок кылган» украин учактары күжүрмөн тапшырмаларды аткаруусун ийгиликтүү улантууда, оккупанттардын турумдарына ракеталык-бомбалык чабуул коюуда жана тылдагы аскердик объектилерин жок кылууда» деп айтылды.

Ошондой эле 1-июлда украин учкучтары оккупацияланган Крымда Орусия курал-жарак сактаган жайга «таш-талканын чыгарган» сокку урганы кошумчаланды.

Орусиянын Коргоо министрлиги 1-июлда Полтава облусунун Миргород шаарындагы аэродромдо Су-27 истребителдеринен бешөө жок кылынганын, экөө талкаланганын кабарлаган.

Украинанын коргоо министри Рустем Умеров бул күндөрү АКШда иш сапарда жүрөт. Бүгүн 2-июлда ал Вашингтондо Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин менен жолугарын Петагон кабарлады.

30-июнда Украинанын Запорожье облусундагы Вольнянск шаарында жети кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийин президент Владимир Зеленский өлкө абадан коргонуу системасын бекемдөөгө абдан муктаж болуп жатканын билдирип, «Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуу» үчүн «орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек» экенин белгилеген жана Украинадагы заманбап абадан коргонуу системеларынын санын көбөйтүү зарылдыгын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG