Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Газанын түштүгүндө кармаш жүрүүдө


Газа. Хан-Юнис.
Газа. Хан-Юнис.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) 2-июлда Газа секторунун түштүк бөлүгүндө чабуулдарын күчөтүп, согушкерлер менен кармашын улантып жатканын AFP маалымат агенттиги билдирди. Агенттик күбөлөрдүн айтып бергенине таянып жазгандай, анклавдын түштүгүндөгү негизги шаар, израилдик аскерлер бир нече айга созулган кармашынан кийин быйыл апрель айынын башында чыгып кеткен Хан-Юнистин тегереги бомбаланып, аткыланууда.

Шаардык ооруканадагы булак билдиргендей, шейшемби күнкү чабуулдардан бул шаарда кеминде сегиз киши каза болду, дагы 30дай киши жараат алды.

Өзүн Мохамед Ал Жалис деп тааныштырган 23 жаштагы жергиликтүү тургун:

«Биздин жашообуз ушундай болуп калды: өзүбүз да, балдарыбыз да уктай албайбыз. Тогуз айдан бери ушинтип кооптонуп олтурабыз. Эки күндүн биринде жараат алгандарды сактап, каза болгондордун сөөгүн чогултмай. Күнүбүз ушинтип өтүүдө», - деп журналисттерге айтып берди.

Мунун алдында Израилдин түштүк бөлүгү ракеталык чабуулга кабылган, бул үчүн жоокерчиликти өзүнө ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) колдогон “Ислам жихады” согушкер тобу алган.

Ошондон кийин ЦАХАЛ Газанын Хан-Юнис жана Рафах шаарларынын чыгышындагы көптөгөн райондордо жашаган палестиндерди ал жактан кетүү керектигин эскертип, эвакуацияланууга чакырган.

Дээрлик бир аптадан бери ушундай эле эскертүүдөн кийин анклавдын түндүк-чыгышындагы Шужая кварталында кармаш уланууда.

AFP кабарчысы жеринен маалымдагандай, ал жакта да артиллериялык атышуу жүрүүдө.

Израил кечээтен бери Шужаяда, Газанын борбордук бөлүгүндө жана Рафахта «куралчан террористтерге» каршы 30дай авиациялык сокку урулганын, «жердеги жана жер астындагы террордук инфраструктура, туннел шахталары» бутага алынганын билдирди.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) согуштун жана израилдик блокаданын айынан калкы 2,4 миллион Газада оор гуманитардык кризис жана ачарчылыктан улам өлүм тооруган коркунуч тууралуу эскертүүдө.

AFP агенттиги израилдик аскерлердин маалыматына таянып белгилегендей, согуштун тутанышына ХАМАС тобунун 2023-жылдын 7-октябрында Израилге 1195 адамдын, көбүнчөсү израилдик жарандардын өмүрүн алган кол салуусу себеп болгон. Кол салган куралчан адамдар ошол күнү кеминде 251 кишини барымтага алып кеткен, алардын, соңку маалымат боюнча, 116сы Газа секторунун аймагында барымтада кармалууда, алардын 42си каза болгон.

Газанын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемесинин 1-июлга карата эсеби боюнча, согуш башталгандан бери анклавда 37 900 кишинин өмүрү кыйылды, алардын көбү жайкын тургундар.

Израил Газада ХАМАСты жок кылмайынча жеке коопсуздугу камсыздалбай турганын, андыктан аракетин уланта берерин айтууда.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүргүзүлүп келаткан согушту токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG