Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:51

Юлия Навальная HRF эл аралык укук коргоо уюмуна жетекчи болду


Юлия Навальная.
Юлия Навальная.

Орусиялык оппозиционер, абакта белгисиз жагдайда каза болгон Алексей Навальныйдын жесири Юлия Навальная чет жакта жашаган дагы бир орусиялык оппозиционер Гарри Каспаров жетектеп келген Human Rights Foundation (HRF) эл аралык укук коргоо уюмуна башчы болду. Бул тууралуу маалымат уюмдун сайтына жарыяланды.

"Диктатура биздин жакындарыбызга жана жалпы дүйнөгө кандай коркунуч алып келерин өз башымдан өткөргөн адам катары мага фондду жетектөө өтө чоң сыймык. HRF миссиясы менин жүрөгүмө жакын, андыктан аны ишке ашырууга жардам берүүнү чыдамсыздык менен күтөм", – деди Навальная.

«Эркин Орусия форумунун» негиздөөчүлөрүнүн бири Гарри Каспаров HRF уюмун 2012-жылдан баштап башкарып келди.

"Ыйгарым укуктардын чектелишине ишенем. Биз каршы күрөшүп жаткан диктаторлордон айырмаланып", – деди Каспаров жана Навальнаянын жаңы кызматтагы ишине жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

Human Rights Foundation – 2005-жылы венесуэлалык ишкер жана укук коргоочу Тор Халворссен негиздеген, башкы кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан коммерциялык эмес уюм. Фонддун ишмердүүлүгү дүйнө жүзү боюнча адам укуктарын илгерилетүүгө жана коргоого арналат. 2009-жылдан бери уюм жыл сайын Ослодо Эркиндик форумун өткөрүп келет.

Кремлдин, орус президенти Владимир Путиндин келишкис сынчысы катары таанылган, «Коррупцияга каршы фонд» түзгөн, 19 жылга кесилип, соңку үч жылдан бери Орусиянын алыскы аймактарынын биринде түрмөдө кармалып келген Алексей Навальный быйыл 16-февралда каза болгон. Жакындары ал киши колдуу болду деп эсептешет. Орусиянын Жаза аткаруу кызматы өзү каза болгонун билдирген. Бирок диагнозу алигүнчө ачык айтыла элек. (RK)

XS
SM
MD
LG