Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

ӨКМ: Быйыл 17 адам селге агып каза болду


Куткаруу иштери учуру. Ноокат, 29-июнь, 2024-жыл.
Куткаруу иштери учуру. Ноокат, 29-июнь, 2024-жыл.

20-апрелден тартып 1-июлга чейинки аралыкта Кыргызстанда 17 адам селге агып каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу башкармалыгынын өкүлү Кубаныч Темирбек уулу 2-июлда брифингде билдирди.

Адистин сөзүнө караганда быйылкы жылы өлкөдө 250 сел катталды. Анын эң көбү - 71 учур Ош облусунда, андан кийин Баткен облусунда -66, Жалал-Абадда - 61, Талас облусунда -13, Ош шаарында -6, Нарын облусунда -5 учур.

Селдин кесепетинен баштапкы маалыматтар боюнча, мамлекетке жалпы 172 млн 956 миң сом зыян келтирилген. Чыгымдар эсептелип жатат.

Темирбек уулунун маалымдашынча, 28-июнда жүргөн селден Ноокатта 28 үй, үч социалдык мекеме жабыркады. Үч үй авариялык абалга кептелди. 15 чакырым жол жарактан чыкты. 29 мал-жандык селге агып кетти.

"Азаттыктын" эсебинде апрелден берки табигый кырсыктан ондон ашуун бала каза тапты.

28-июнда Ноокаттагы селде 10 адам каза тапса, сегизи жашы жете элек бала болгон.

30-июнда Кара-Кулжа районунда селге аккан автоунаада ата-энеси менен чогуу эки бала каза тапты.

Өткөн аптанын башында Баткен облусунун Кадамжай районунда беш жаштагы бала селге агып, чарчап калган.

Андан мурдараак Жалал-Абад облусундагы Ноокен районунда 10 жашар тестиер селге агып, набыт болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG