Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:32

TezJet компаниясынын Жалал-Абадга, Баткенге каттамдары аткарылбай жатат


TezJet авикомпаниясынын Бишкек-Жалал-Абад, Бишкек-Баткен, Бишкек-Раззаков багытындагы каттамдары эки күндөн бери аткарылбай жатат. "Манас" эл аралык аэропортунун жадыбалынан бул каттамдар алып салынган.

Колунда билети бар бир канча адам авиакомпаниянын сайтынан каттам жокко чыгарылганы тууралуу маалыматты көргөнүн "Азаттыкка" билдиришти. Бирок компания жүргүнчүлөргө электрондук кат же SMS аркылуу жеке маалымдаган эмес.

"Манас" аэропортунун сурап-билүү кызматы мунун чоо-жайын компаниядан такташ керектигин билдирди. "Азаттыктын" кабарчысы аталган авиаишкананын сайтындагы жана социалдык баракчаларындагы телефондорго чалып, жооп ала алган жок.

13-июнда “Манастан” Жалал-Абадга багыт алган учак дарегине жетпей, кайра Бишкекке келген. 1-июлда Раззаковго жөнөгөн учак жарым жолдон Бишкекке кайткан. Мунун да себеби түшүндүрүлгөн эмес.

Ошол эле учурда компаниянын Бишкек-Ош каттамдары жадыбал боюнча аткарылууда.

TezJet компаниясы 2013-жылы негизделип, 2014-жылдан эл ташый баштаган. Бишкектен Баткенге, Жалал-Абадга, Раззаковго жана Ошко учат. Жайында Тамчы-Жалал-Абад, Тамчы-Ош каттамдарын аткарат.

Компаниянын McDonnell Douglas-83, АвроЖет–85 үлгүсүндөгү үч учагы бар. Аларды баары 1996-97-жылдары жасалган. Учактарынын бири 1-апрелде Софияга учуп кеткен бойдон келе элек. Авиапорталдар ал жакта сакталууда экенин жазышкан.

Ачык булактардагы маалыматтарга ылайык, TezJet жеке компаниясы 2023-жылдын октябрында АККА Группасына сатылып, аны индиялык ишкер Арун Кумар Сингх жетектейт. Ага чейин кыргызстандык Алик Аскаров башкарган. TezJet - кыргыз футбол курама кондасынын расмий өнөктөшү катары оюнчуларды Кыргызстан ичинде ташыйт. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG