Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Түндүк Корея жаңы ракеталык сыноо өткөрдү


Түндүк Корея. Архивдик сүрөт.
Түндүк Корея. Архивдик сүрөт.

Түндүк Корея баллистикалык эки ракетасын түндүк-чыгыш багытта учуруп, сынаганын, алардын бири боюнча маселе жаралып, ал аталган өлкөнүн өзүнүн аймагына түшкөн болушу ыктымал экенин бүгүн 1-июлда Түштүк Кореянын Штаб башчыларынын бириктирилген комитетине таянып Yonhap маалымат агенттиги билдирди.

Кыска аралыктагы эки ракетанын бири 600 чакырымдай учуп, Түндүк Кореянын Хамгён-Пукто провинциясынын административдик борбору Чхожин шаарынын түндүк-чыгышындагы сууга түшкөнү, ал эми он мүнөттөн кийин ошол эле аймактан учурулган экинчиси 120 гана чакырым учканы маалымдалды.

Экинчи ракета учуунун баштапкы стадиясында кайсы бир “аномалияга” тушуккан болушу ыктымал экени, эгер ал абадан жарылса сыныктары Түндүк Кореянын өзүнүн аймагына түшмөктүгү белгиленди.

Бир күн мурда Пхеньян АКШнын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын жаңы аскердик машыгуусуна " чабуул жана басым” жообу жасаларын эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG