Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:38

Орбан Европарламентте оңчулдардын жаңы альянсы түзүлгөнүн жарыялады


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Австриядагы жана Чехиядагы союздаштары менен бирге жаңы саясий альянс түзүп жатканын, ал Европадагы оңчулдар арасынан тез ылдамдыкта үстөмдүк деңгээлине чыгарын 30-июнда билдирди.

Австриянын борбор калаасы Вена шаарында «Патриоттор Европа үчүн» деген ураандын коштоосунда өткөн пресс-конференцияда сүйлөп жатып улутчул популист жана Брюсселдин катаал сынчысы катары мүнөздөлүп келаткан жетекчи жаңы күч «бир нече күн ичинде» түзүлөрүн айтты.

Орбандын ФИДЕС оңчул партиясы 2010-жылдан бери Венгриянын саясатында үстөмдүк кылып келген, бирок 2021-жылы Европа парламентиндеги «Европа элдик партиясы» борборчул-оңчулдар тобунан «Евробиримдиктин институттары тууралуу негизсиз маалыматы үчүн» деген негизде чыгарылгандан кийин саясий изоляцияда калган.

Орбандын Европа парламентинде жаңы альянс түзүлүп жатканы тууралуу билдирүү жасаган пресс-конференциясына Австриянын Эркиндик партиясынын (Freedom Party of Austria, FPO) башчысы Герберт Кикл жана Чехиянын мурдагы премьер-министри, миллиардер, ANO партиясынын башчысы Андрей Бабиш катышты.

9-июнда өткөн Европарламентке шайлоодө Орбандын партиясы жана чакан союздаштары добуштардын 44,6% алып, алдыга чыккан, бирок байкоочулар бул жолу ФИДЕС добуштардын болжолдонгон деңгээлинен азыраак алып калганын белгилешкен. Ал эми Орбандын башкы атаандашы, ФИДЕСтин мурдагы мүчөсү Петер Мадьярдын "Тиса" партиясына добуштардын 29,7% тийген, бул жакшы жетишкендик катары бааланган.

«Патриоттор Европа үчүн» тобу Европарламентте расмий топ катары таанылышы үчүн аларга Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн арасынан кеминде жетөөнөн 23 өкүлдүн колдоосу талап кылынат.

1-июлдан тартып Евробиримдиктеги ротациялык негизде жарым жылдык мөөнөткө улам бир өлкөгө өтүп туруучу төрагалык милдет Венгрияга тийди.

Евробиримдиктин Венгрия менен мамилесинде демократиялык эркиндиктер, сөз эркиндиги, ЛГБТ укуктары боюнча пикир келишпестик жаралган. Орбан Батыштын Орусияга Украинага кол салганы үчүн жарыялаган санкцияларын да колдобой, Москва менен дипломатиялык жана экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө аракет кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG