Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:30

Ноокаттагы селде каза болгон төрт баланын сөөгү Казакстанга жеткирилди


Ноокатта селге агып каза болгон балдардын сөөгү Казакстанга жеткирилди. Өскемен. 1-июль, 2024-жыл.
Ноокатта селге агып каза болгон балдардын сөөгү Казакстанга жеткирилди. Өскемен. 1-июль, 2024-жыл.

Кыргызстандын Ноокат районундагы селден каза болгон төрт баланын сөөгү атайын учак менен Казакстандын Өскемен шаарына жеткирилди. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун казак кызматына Чыгыш-Казакстан облусунун администрациясы маалымдады.

"Бүгүн атайын учак менен төрт баланын сөөгү алып келинди. Чыгыш-Казакстан облустук акимчилигинде маркум балдардын жакындарына жардам берүү үчүн ыкчам штаб түзүлдү", - деп жазылган маалыматта.

Балдардын сөөгүн жерге жашыруу зыйнатын жергиликтүү бийлик жана мечит өз мойнуна алганы, ишканалар жана ишкерлер алардын үй-бүлөсүнө жардам берүүгө даярдыгын билдиргени кабарланды.

28-июнда Ноокатта жүргөн селден тогуз адам набыт болгон. Алардын ичинде төрт - эки эркек бала жана эки кыз Казакстанда туулган. Маалыматтарга ылайык, алар апасы менен чогуу Ноокатка тага журтуна конокко келишкен.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Ноокаттагы селден Казакстанда туулган эки бала набыт болгонун кабарлаган. Кийинчерээк казак Тышкы иштер министрлиги дагы эки баланын - казак жарандарынын сөөктөрү табылганын билдирген.

30-июнь күнү Казакстандын ӨКМи куткаруучулар, адис дарыгер жана психолог селден жабыркаган казак жарандарын жана набыт болгондордун сөөгүн алып кетүү үчүн келген. Андан тышкары 1-июлга караган түндө Астана Бишкекке селден жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам - 2,7 тонна азык-түлүк жиберген.

28-июнда катуу жааган жамгырдан улам Ош облусунун Ноокат районунда да катуу сел жүрүп, өзгөчө кырдаал режими жарыяланган.

ӨКМдин куткаруучулары Ноокаттагы Абшыр-Ата эс алуу жайынан жалпы 1400гө чукул эс алуучуларды Абшыр-Ата, Кезарт, Көгарт багыттары боюнча эвакуациялады. Алардын 21и тик учак менен коопсуз жайга чыгарылган.

Куткаруу иштерине жалпы 450 адам, мындан сырткары миңдеген ыктыярчылар катышып, 1 тик учак, 85 инженердик жана атайын техника иштеди.

30-июндун кечинде Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Карагуз айыл аймагында төрт адамды сел агызып кетти.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG