Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:25

Франциядагы парламенттик шайлоонун биринчи турунда ашынган оңчулдар алдыга чыкты


Ашынган оңчулардын лидери Марин Ле Пен биринчи турдун жыйынтыгын жеңиш катары сыпаттады, 30-июнь 2024-жыл.
Ашынган оңчулардын лидери Марин Ле Пен биринчи турдун жыйынтыгын жеңиш катары сыпаттады, 30-июнь 2024-жыл.

Францияда парламенттик шайлоонун биринчи турунун алдын ала жыйынтыктарына ылайык, ашынган оңчулдардын “Улуттук биримдик” партиясы алдыга чыкты. Ipsos-Talan экзит-поллуна ылайык, бул партия жалпы добуштардын 34 пайызына ээ болду.

Солчул партиялардан куралган "Жаңы элдик фронт" аттуу саясий блок 28,1 пайыз добуш топтоп, экинчи орунду ээледи. Ал эми президент Эммануэл Макрондун партиясы курамына кирген "Жалпыбыз республика үчүн" аттуу саясий коалиция 20,3 пайыздык добуш менен үчүнчү сапка чыкты. Республикачылар партиясы жалпы добуштардын 10,2 пайызын топтоп, марага төртүнчү келди.

Жекшембиде жергиликтүү убакыт боюнча 17:00гө карата шайлоочулардын 60 пайыздайы добуш бергени белгилүү болду. Бул соңку 40 жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч жана 2022-жылдагы шайлоого салыштырмалуу 20 пайызга жогору.

9-июндагы Европарламенттин депутаттарын шайлоодо ашынган оңчулдар алдыга чыккандан көп өтпөй Макрон кезексиз парламенттик шайлоо жарыялаган. Ал Европарламентке шайлоонун жыйынтыгы өкмөт үчүн өкүнүчтүү болгонун, ошол эле маалда француздардын эркин көз жаздымда калтыруу мүмкүн эместигин айткан.

Жекшембидеги шайлоонун биринчи туру жыйынтыкталгандан кийин Макрон шайлоочуларга кайрылып, 7-июлдагы экинчи турда "республикачыл жана демократиячыл" талапкерлерди колдоого чакырды.

Жекшембидеги шайлоодо француз парламентиндеги 577 мандат үчүн жүздөгөн талапкерлер ат салышты. Кайсы бир партия парламентте абсолюттук көпчүлүктү түзүшү үчүн 289 мандатка ээ болушу керек.

Бир дагы талапкер 50 пайыздан ашык добуш топтой албаган округдарда бир жумадан кийин шайлоонун экинчи туру өтөт. Экинчи турга кеминде 12,5 пайыз добуш алган талапкерлер катышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG