Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:49

Зеленский Украина абадан коргонуу системаларына муктаж экенин айтты


Украин президенти Владимир Зеленский.
Украин президенти Владимир Зеленский.

Украинанын Запорожье облусундагы Вильнянск шаарында жети кишинин өмүрүн алган чабуулдан кийин президент Владимир Зеленский өлкө көбүрөөк абадан коргонуу комплекстерине муктаж экенин айтты.

"Украин шаарлары жана жамааттары жабыркап жаткан Орусиянын күнүмдүк террорун жеңип чыгуунун жолдору бар. Ал үчүн орусиялык террорчуларды жана [ракета учурган] жабдыктарын жеринде талкалоо керек. Ошондой эле Украинадагы заманбап абадан коргонуу системеларынын санын көбөйтүү зарыл", - деп жазды Зеленский Телеграмдагы каналына.

Ал 29-июндагы видео кайрылуусунда да Днепр шаарында кеминде бир кишинин өмүрүн алып, ондон ашуунун жарадар кылган чабуулду да "Орусиянын террору" деп сыпаттаган.

Орусия бир катар далилдерге карабастан Украинанын аймагында жайкын тургундарды бутага алганын четке кагып, аскердик объектилерге гана сокку уруп жатканын билдирип келет.

Соңку бир нече күндөн бери Орусиянын айрым аймактары да аткылоого туш болуп жатканы кабарланууда. Курск облусунун губернаторунун орун басары Алексей Смирнов аймактагы Городище кыштагында дрон чабуулунан беш адам набыт болгонун, алардын экөө өспүрүмдөр экенин 29-июнда Телеграмга жазды. Ошондой эле Смирнов украин күчтөрүнүн облустагы дагы бир айылды бутага алган чабуулунан үч киши жараат алганын кабарлады. Белгород облусунун бийлиги да дем алыш күндөрү дрон чабуулунан аймакта үч киши жарадар болгонун маалымдады.

Украин бийлиги Орусиянын аймагын бутага алган мындай чабуулдар боюнча комментарий бербейт. Украинанын Орусиядагы болжолдуу чабуулдарынан каза тапкандар же жаракат алгандар тууралуу орус бийлигинин маалыматтарын көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG