Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Белградда полицияга жаа атылган окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү


Белграддын окуя болгон району, 29-июнь 2024-жыл.
Белграддын окуя болгон району, 29-июнь 2024-жыл.

Сербиянын баш калаасы Белградда Израилдин элчилигинин алдында бир полиция кызматкери жаанын жебесинен жараат алган окуядан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлдү.

29-июнда түшкө маал элчиликтин алдындагы чакан имаратка кирип келген белгисиз адам полиция кызматкерин жаа менен аткан. Жаанын жебеси ал офицердин мойнуна тийген. Полиция кызматкери кол салган кишиге жооп иретинде тапанчадан ок атууга үлгүргөн.

Серб полициясы кол салган кишини 1999-жылы туулган Милош Зуйович деп атап, ал окуя болгон жерде жан бергенин маалымдады.

Сербиянын ички иштер министри Ивица Дачич маркум буга чейин ислам динин кабыл алганын жана радикалдуу вахаби жамаатынын мүчөсү болгонун билдирди. Анын айтымында, бул окуяга байланыштуу эки адам кармалып, өлкөнүн аймактарында операциялар уланып жатат.

Жараат алган полиция кызматкерине ооруканада операция жасалганы белгилүү болду.

Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич ишембидеги окуяны "террордук акт" деп атады. Серб президенти Александр Вучич полиция кызматкерине жаа аткан киши "мыкты даярдыктан" өткөнүн айтып, коопсуздук кызматкерлери кеминде эки бою күчөтүлгөн тартипте иштей турганын 30-июнда жергиликтүү телеканалдардын бирине билдирди.

Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кац Белграддагы окуяны "Израилдин элчилигине каршы террордук акт жасоо аракети" деп сыпаттады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG