Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

Кытайдын лидери Казакстанга жана Тажикстанга барат


Кытайдын президенти Си Цзиньпин.
Кытайдын президенти Си Цзиньпин.

Кытайдын президенти Си Цзиньпин 2-6-июль күндөрү Казакстанга жана Тажикстанга барат. Бул тууралуу Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 30-июнда билдирди.

Маалыматка ылайык, Си Цзиньпин Астанада Казакстандын расмий жетекчилери менен жолугушуудан тышкары Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Андан соң кытай лидери Дүйшөмбү шаарына барат.

Си Цзиньпин Кытай менен региондогу өлкөлөрдүн ортосунда бир катар инфраструктуралык макулдашууларга кол коюлган учурда Борбор Азияга бара жатат.

2001-жылы түптөлгөн ШКУга Кытай, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Иран жана Пакистан мүчө.

Уюмдун 3-4-июлда Астанада өтүүчү саммитинде экономикалык жана энергетикалык маселелер талкууланып, Орусиянын Украинадагы согушунан кийинки геосаясий жагдайларга да көңүл бурулат деп күтүлүүдө.

Адистер бул уюмда Кытай менен Орусия үстөмдүк кыларын белгилеп келишет. 2022-жылдын февраль айында Украинада кеңири масштабдагы согуш башталгандан бери Кытай менен Орусиянын алака-катышы тереңдеген. Орус президенти Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөтүнө киришкенден кийинки чет өлкөгө алгачкы сапарын Кытайдан баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG