Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Ноокаттагы селде каза болгондордун арасында эки казакстандык бала бар


ӨКМ тараткан сүрөт. 29-июнь. Куткаруу, издөө иштери.
ӨКМ тараткан сүрөт. 29-июнь. Куткаруу, издөө иштери.

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) Кыргызстандын Ноокат районундагы селде каза болгондордун арасында эки казакстандык бала бар экенин билдирди. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылды.

Маалыматта дагы эки казакстандык жаран изделип жатканы айтылат. Эки баланын сөөгүн Казакстанга учак менен алып кетүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы кабарланды.

Ноокатта 28-июндагы селден сегиз киши каза болду. Жума күнү кечке маал болгон табият кырсыгынын кесепетинен Абшыр-Ата эс алуу жайынын жогорку тарабында калып кеткен 1300дөй киши коопсуз жерге чыгарылды. Райондо өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейин нөшөрлөгөн жаан күтүлүп жатканын, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертип жатат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG