Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:41

ӨКМ сел жүрүү ыктымалдыгы бар аймактарды атады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июндан 2-июлга чейинки күндөрү да нөшөр жаан-чачын күтүлүп жатканын маалымдап, сел жүрүү коркунучу бар экенин эскертти.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү менен кооптуу табигый процесстер төмөнкү аймактарда активдешүүсү мүмкүн:

• Жалал-Абад облусу: Аксы, Ноокен, Базар-Коргон райондору;
• Баткен облусу: Лейлек жана Кадамжай райондору;
• Ош облусу: Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Ноокат райондору.
• Чүй облусу: Кемин, Аламүдүн, Сокулук жана Жайыл райондору.
• Ысык-Көл облусу: Ак-Суу, Тоң жана Түп райондору.
• Талас облусу: Талас, Бакай-Ата райондору.
• Нарын облусу: Нарын, Жумгал райондору.

Министрлик жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырып, аймактардагы Жарандык коргонуу кызматтарынын күч жана каражаттарын даярдык абалда кармоону эскертти.

28-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында сегиз жаштагы кыз селге агып каза болду. 13 жана 15 жаштагы эки өспүрүмдү издеп куткаруу иштери жүрүп жатат.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG