Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:55

Ноокатта селден беш киши каза болгону кабарланды


Ош-Ноокат жолундагы сел.
Ош-Ноокат жолундагы сел.

Ош облусунун Ноокат районунда бүгүн 28-июнда селден беш кишинин өмүрү кыйылганын "Азаттыкка" Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ)облустук башкармалыгынан билдиришти.

"Азыркы тапта беш адам өлдү деген маалымат бар. Алардын баарын жергиликтүү тургундар тапкан. Ким экенин аныктоо үчүн ички иштер кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Биринчи аккан кыз сегиз жашта деп жатышат", - деп билдирди атын атагысы келбеген кызматкер.

Бул боюнча расмий маалымат азырынча жарыялана элек.

Азыркы тапта кырсык болгон жерге Араван, Кара-Суу райондорунан да куткаруучулар тартылып, издөө иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.

28-июнда болжол менен саат 16:10 чамасында Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн.

ӨКМ сел 7-8 жаштагы кызды агызып кетип, сөөгү Абшыр-Ата айылынын Үч-Терек бөлүгүнүн Абшыр-Ата сел сайынын жээгинен табылганын маалымдаган. Мындан тышкары ошол эле жерде 13 жана 15 жаштагы эки бала агып кеткенин жергиликтүү тургундар көргөн.

Абшыр-Ата айылында сел эки көпүрөнү, 10 үйдүн коро сарайын каптап, зым карагайларды алып кеткен. Аталган аймакта жол жабылган.

Селдин кесепетин жоюуга ӨКМдин Ноокат райондук бөлүмүнөн 12 куткаруучу, Кулатов айыл аймагынан сегиз кызматкер жана эки техника тартылган.

28-июнда Ноокат районунда сел жүргөнү, катуу сел Ош-Ноокат жолундагы көпүрөлөрдүн бирин алып кеткени тууралуу маалымат, видеолор социалдык түйүндөргө жарыяланууда.

24-июнда Баткен облусундагы Кадамжай районунун Жеңиш айылында беш жашар бала селге агып каза тапкан. Өткөн аптада Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы өспүрүм селге агып көз жумган. (ZKo/DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG