Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөт


Азербайжандын президенти Илхам Алиев
Азербайжандын президенти Илхам Алиев

28-июнда Азербайжандын президенти Илхам Алиев өлкөнүн парламентин таратып, ноябрда өтө турган шайлоо өнөктүгүн мөөнөтүнөн мурда 1-сентябрга белгиледи.

Азербайжанда парламенттик шайлоо 2020-жылдын 9-февралында өткөн. Мыйзамга ылайык, парламенттик шайлоо менен катар өлкөдө муниципалдык шайлоо да өткөрүлүшү керек.

8-февралда Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн шайлоодо добуштардын 92,05% алып, кайрада өлкө башчы болуп дайындалган.

Оппозиция өкүлдөрү мөөнөтүнөн мурда шайлоо белгиленгенин президент Алиевдин дээрлик 20 жылдан берки бийлигинин мөөнөтүн дагы узартуу аракети жүрүп деп сыпатташат. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG