Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Казакстан: Атайын кызматтын мурдагы жетекчисине ырайым берилген жок


УКМКнын мурунку жетекчиси Карим Масимов.
УКМКнын мурунку жетекчиси Карим Масимов.

Казакстандын президентинин алдындагы мунапыс маселесин караган комиссия январь окуясы боюнча соттолгон Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимовго ырайым берүүдөн баш тартты.

Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматына комиссиянын жетекчиси, Мажилистин депутаты Марат Башимов билдирди. Анын айтымында, "комиссиянын бул чечими эми президентке жөнөтүлөт".

Бул маалыматты дагы бир депутат Абзал Куспан да тастыктап, “ырайым берүү маселеси кылмыш-жаза мыйзамдары менен жөнгө салынбагандыктан, баш тартуунун негиздери айтылбайт” деп билдирди. Анын пикиринде, комиссиянын мүчөлөрү добуш берип, чечим чыгарганы менен, “акыркы чечимди президент кабыл алат”.

10-июнда Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов ырайым сураганы белгилүү болгон. Мамлекеттик чыккынчылыкка айыпталып, 18 жылга кесилген Масимовго "арам акчаны адалдоо" жана "паракорлук" беренелери менен дагы эки иш козголгон.

Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы, 56 жаштагы Масимов 2022-жылы 6-январда, өлкөдө нааразылык акциялары болгондо кармалган. Ал бир кездери премьер-министр да болгон.

2022-жылы Казакстанда газдын кымбатташына каршы митингдер бийликтин кызматтан кетишин талап кылган массалык акцияларга айланган жана тополоң менен коштолгон.

Расмий эсепте Январь окуяларында 238 киши набыт болгон. Алардын алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон көз жумган. Бир нече миң киши кармалып, жүздөгөнү ыдык көргөнүнө арызданган. Бирок андай фактыларга байланыштуу козголгон кылмыш иштердин көбү токтотулган. (AiA)

XS
SM
MD
LG