Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:00

Бишкек-Ош жолу убактылуу жабылды


Бишкек-Ош автожолунун 364-чакырымындагы сел жүргөн жер. 23-июнь. 2024-жыл.
Бишкек-Ош автожолунун 364-чакырымындагы сел жүргөн жер. 23-июнь. 2024-жыл.

28-июнда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам кыян жүрүп, Бишкек - Ош жолунун 104-105-чакырымында, Төө-Ашуу ашуусуна жетпей жолду майда таш бөгөп калган. Буга байланыштуу жолдогу унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилип, жабылды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатканын кабарлады. Маалыматка ылайык, жол иштерин текшерүү үчүн Төө-Ашуу тарапка бара жаткан транспорт министри Тилек Текебаев да кырдаалга күбө болду.

"Учурда жерине атайын техникалар тартылууда. Министр жолго түшкөн кум-шагыл аралашмасын тез арада тазалап, унаа каттамын ыкчам түрдө жандантуу тапшырмасын берди", - деп айтылат маалыматта.

Нөшөрлөп жааган жаандан улам мурдараак Бишкек-Ош жолунун айрым жерлерин сел каптаган. 23-июнда Бишкек-Ош автоунаа жолунун 364-чакырымында жамгырдын кесепетинен сел жүрүп жол убактылуу жабылып, тазалоо иштеринен кийин кайра ачылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-29-июндан 2-июлга чейин Кыргызстанда туруксуз аба-ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG