Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:23

Сүрөтчү Сагынбек Ишенов акыркы сапарга узатылды


Эл артисти Сагынбек Ишеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 28.06.24-ж.
Эл артисти Сагынбек Ишеновду акыркы сапарга узатуу зыйнаты. 28.06.24-ж.

Бүгүн 28-июнда Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Кыргыз мультипликациясынын негиздөөчүсү, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сагынбек Ишенов менен коштошуу зыйнаты өттү.

Ага Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Президенттик администрациянын өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери, жакындары жана шакирттери катышты.

Коштошуу зыйнатында сөз сүйлөгөндөр Сагынбек Ишеновдун кесипкөйлүүлүгүн жана маданият тармагына кошкон салымын белгилешти.

Чыгармачылыктагы чыйыр жолу 1961-жылы “Кыргызфильм” киностудиясында башталып, “Кыргыз креметин” жаратуучуларынын катарын толуктап бир катар даректүү тасмаларда сүрөтчү-коючу катары иштегени, анда тартылган тасмалардагы көркөм сүрөтчү жана мультипликатор катары алып барганы, тарткан тасмалары кыргыз киносунун алтын фондунда сакталып, илимий-популярдуу тасмаларынын актуалдуулугу, “Кыргызмультфильмге” жетекчи болуп дайындалып “Сандардын чатагы” аталышындагы алгачкы кыргыз мультфильми менен чоң жаңылык жасаганы, Францияда өткөн эл аралык кинофестивалда “Толубай сынчы” мультипликациясы үчүн баш байгени багындырганы айтылды.

Режиссёр-мультипликатор Ишенов көп жылдар бою "Кыргызфильм" киностудиясында эмгектенип, ондогон тасманын сүрөтчүсү болгон. Режиссёр катары "Сандардын чатагы", "Космонавттар көчөсү", "Эң тил алчаак", "Олокон", "Меке чал жана кара дөө", "Эки коён", "Портрет" тасмаларын жараткан. Мындан сырткары Москвадагы Станиславский атындагы театрда "Саманчынын жолу" спектаклинин декорациясын жасаган.

Мындан эки жыл мурун, 2022-жылдын май айында Чүйдүн Дөң-Арык айылында жайгашкан Калча орто мектебинде Сагынбек Ишеновдун тарыхый- этнографиялык музейи ачылып, бир топ сүрөттөрү коюлган.

90 жашында акка моюн сунган эл артистинин сөөгү өзү туулган Чүй облусунун Дөң-Арык айылына коюлду. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG