Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:13

Бишкек шаарында автогаздын тартыштыгы байкалууда


Бишкектеги автобустардын газ куюучу бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги автобустардын газ куюучу бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги ири май куюучу ишканалардын бири Bishkek Petroleum компаниясында 25-июндан бери газ тартыштыгы болуп жатканы тууралуу социалдык тармактарга маалыматтар чыкты. Мындан улам газга кезекке турган автоунаалардын саны көбөйгөнү айтылууда.

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясы муну сезондук боло жүргөн көрүнүш деп сыпаттап, буга газ ташуучу вагондордун жетишсиздиги негиз болгонун билдирди. Ассоциациянын президенти Канат Эшатовдун "Азаттыкка" маалымдаганы боюнча, автогаз тартыштыгы айрым ишканаларда гана байкалдууда.

"Мисалы, Орусиянын мунай-газ компанияларында бар. "Газпромнефть" компаниясында сатылып жатат. Аймактарда да газ тартыштыгы жок. Казакстан газ экспорттоого тыюу салгандан бери, биз Орусиядан ташып келип жатабыз. Ал жактан автогаз жүктөлгөн вагондор бүгүн (ред: 28-июнда) Орусия менен Казакстандын чек арасынан өттү. Жакынкы күндөрү автогаз маселеси толук жөнгө салынат", - деди Эшатов.

"Кыргызнефтетрейдерлер" ассоциациясынын маалыматына караганда, жалпы Кыргызстанда жалаң автогаз менен жүргөн машинелердин саны жалпы унаалардын 10% жетпейт. 90% ашуун машине күйүүчү май менен жүрөт.

Бишкекке былтыр алынган миңден ашуун автобустун баары газ менен жүрөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына караганда, 1-июнга карата борбордо 416 миң 837 автоунаа катталган, мындан тышкары шаарга кирип-чыккан унаалар менен кошо Бишкекте күнүнө 700 миңден ашык транспорт жүрөт. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG