Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Бишкекте бала бакчалардын жетекчилерине акча чогултпоо керектиги эскертилди


Бала бакча. Барскоон, Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала бакча. Барскоон, Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

27-июнда Бишкек мэриясы, Ички иштер министрлиги (ИИМ) жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрүнүн катышуусунда калаадагы бала бакчалардын жетекчилери үчүн жыйын өттү.

Анда бала бакча башчыларына ата-энелерден акча жыйноо жана баланы бакчага киргизүүдө акча талап кылуунун кесепети тууралуу эскертилип, президенттин буйругун аткаруу милдеттендирилди. Мындан тышкары бала бакчаларды оңдоого керектүү каражатты жана башка керектүү материалдарды алууга убагынан кечиктирбей суроо-талап жиберүү талабы коюлду.

Ошондой эле жакында бала бакчалардын жетекчилери үчүн сынак өтөрү тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, бир орунда беш жылдан ашык убакыт жетекчи болуп иштеген кызматкерлер өкмөттүн тиешелүү токтому күчүнө киргенде кызматынан бошотулган болуп саналат. Бошогон орундарга сынак жүргүзүлөт.

2024-жылдын башындагы маалыматка караганда, Кыргызстанда 1 834 бала бакча бар.

2022-жылы президент Садыр Жапаровдун буйругу менен билим берүү мекемелеринин жетекчилерин дайындоо тартиби өзгөртүлгөн. Ага ылайык мекемеде беш же андан ашык убакыт жетекчи болуп иштеген кызматкерлер жумуштан бошотулат, алардын ордуна сынактык негизде башка жетекчи дайындалат.

Мындай тартип менен 2022-жылы мектептердин директорлору алмашкан, 2023-жылы колледж жана орто окуу жайлардын жетекчилери алмаштырылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG