Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:24

11 журналисттин соту: Турдалиевге козголгон бир иш кыскартылды


Бишкектин Ленин райондук соту.
Бишкектин Ленин райондук соту.

28-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда Temirov Live менен “Айт, айт десе” долбоорунун мурдагы жана азыркы 11 журналистинин иши боюнча соттук отурум өттү.

Соттук жараянда айыпталуучулардын бири Жумабек Турдалиевге Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен козголгон кылмыш иши тараптар келишип алгандыктан кыскартылды. Сотто белгилүү болгондой бул факты Жумабек Турдалиевге 11 журналист менен кошо козголгон ишке бириктирилип каралып жаткан.

Бирок “Алдамчылык” беренеси менен ачылган иш кайсы окуяга тиешеси бар экени жана качан козголгону тууралуу маалымат жок.

Ленин райондук сотунда 11 журналистин иши боюнча күбөлөр суралып жатат. Соттук жараянды фото-видеого тартууга тыюу салынды. Кийинки жараян 5-июлда болот.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) Temirov Live медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

Мындан тышкары, 9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумовдун, Тыныстан Асыпбековдун, Максат Тажибек уулунун жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, акын Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана Temirov Live редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева Бишкектеги №1 тергөө абагында жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана Temirov Live баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo/TSh)

XS
SM
MD
LG