Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:01

U-23: Азия чемпионатында грек-рим күрөшүнөн балбандар жети медал алды


Аманат Самат уулунун Азия чемпионатындагы беттештеринин бири.
Аманат Самат уулунун Азия чемпионатындагы беттештеринин бири.

Иорданиянын борбору Амман шаарында өтүп жаткан 23 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын балбандары грек-рим күрөшүнөн 27-апрель, мелдештин биринчи күнүндө жети медал алды.

Аманат Самат уулу (67 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97 кг) алтын, Аркыт Орозбеков (130 кг) күмүш, Акыл Сулайманов (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Алибек Бердиев (77 кг) жана Бекзат Орункул уулу (82 кг) коло медал тагынышты.

Мелдештер 30-июнга чейин болот.

22-26-июнь күндөрү 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын эркин күрөш боюнча балбандары алты, грек-рим күрөшүнөн эки жана кыз-келиндер күрөшүнөн да эки байге алышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG