Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Жайылда алты баланын өмүрүн алган окуя боюнча айдоочу эки айга камалды


Кармалган айдоочу жана кырсык болгон жер.
Кармалган айдоочу жана кырсык болгон жер.

Чүй облусунун Жайыл районунун Алтын айылында алты баланын өмүрүн алган автокырсыкка шек саналып кармалган 40 жаштагы айдоочу Жайыл райондук сотунун 21-июндагы токтому менен 19-августка чейин камакка алынды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, кырсык 20-июнда Алтын айылынын түндүк тарабында жайгашкан №3 көлмөдө болгон. “Фольксваген Джетта” үлгүсүндөгү автоунаа көлмөгө түшүп кетип, алты бала каза тапкан.

Кара-Балта шаарынын 40 жаштагы тургуну 26 жаштагы жубайы, 1, 4, 6, 7 жаштагы балдары жана 27 жаштагы кайын эжеси жана анын 5, 6, 7, 9 жаштагы балдары менен жалпы 11 киши Алтын айылындагы №3 көлмөгө сууга түшүүгө келишкен. Айдоочу спирт ичимдигин ичип алып машинесин саат 18:30дарда айдап чыкканда дөңдөн оодарылып, сууга түшүп кеткен. Айдоочу, анын аялы жана кайын эжеси, дагы эки бала аман калып, калганы көлмөгө чөгүп кеткен.

Кырсыктан каза болгондордун тизмеси:

  • 2015-жылы туулган Б.В.
  • 2018-жылы туулган Б.А.
  • 2019-жылы туулган Б.Д.
  • 2016-жылы туулган Б.В.
  • 2020-жылы туулган Б.Т.
  • 2018-жылы туулган Б.К.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинни “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, айдоочу кармалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG