Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:35

Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча завод куруу маселеси талкууланды


Акылбек Жапаровдун Шинжаң автономдуу районуна болгон жумуш сапары.
Акылбек Жапаровдун Шинжаң автономдуу районуна болгон жумуш сапары.

Өкмөттүн басма сөз кызматы Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Шинжаң автоном районуна болгон жумуш сапарында Хами шаарында “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” (Синцзянь Сяньшэн Нью Материал Технолоджи) компаниясынын директору Сяо Чжихай менен жолукканын билдирди.

Жолугушууда Кыргызстанда титаномагнетитти кайра иштетүү боюнча металлургиялык завод куруу маселеси талкууланган.

Акылбек Жапаров бул тармакта кызматташуунун келечеги кенен экенин, Кыргызстандын аймагында титаномагнетитти өндүрүүгө мүмкүнчүлүктөр жогору жана чет элдик ишканалар, инвесторлор, ишкерлер үчүн кыргыз бийлиги жагымдуу инвестициялык климатты түзүүгө бардык күч-аракетин жумшарын билдирди.

Жыйынтыгында жакын арада Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн жана тиешелүү адистеринен турган жумушчу топ түзүлүп, Кыргызстандын аймагында изилдөө иштерин жүргүзө турганы белгилүү болду.

Жолугушууда “Кыргыз алтын” ачык акционердик коому менен “Xinjiang Xiangsheng New Material Technology Co., Ltd” компаниясынын ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү морандумуна кол коюлду.

Кыргыз бийлиги Кызыл-Омпол кенинен титаномагнетитти казууну пландап жатат. Бул кенде уран, торий кендери да чыгат. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү боюнча мыйзамга кол койду.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Кызыл-Омполдо болжол менен 14 млн 757 миң тонна кен бар. Анын ичинен 95% титаномагнетит, 3% фосфор, 2% цирконий, 0,22% торий жана 0,17% уран.

2019-жылдын декабрь айында өлкөдө уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Ошол эле жылдын жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Бир катар жергиликтүү тургундар, жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Ушундай эле акциялар Бишкекте да болгон.

Ушундан улам өкмөт кенди казганы жаткан “Кыргызстандагы ЮрАзия” компаниясынын лицензиясын токтоткон. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG