Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

ЕККУ төрагасы Иан Борч тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушту


Иан Борч жана Жээнбек Кулубаев.
Иан Борч жана Жээнбек Кулубаев.

Бишкекте Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы, Мальтанын тышкы жана европалык иштер жана соода министри Иан Борч жолугушту. Жолугушууда Кыргызстан менен ЕККУнун алакасы талкууланды.

Министр Жээнбек Кулубаев сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан маанилүү демократиялык принциптерди, мыйзам үстөмдүгүн, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоону жана сөз эркиндиги менен тынч жыйындарга чогулуу эркиндиктерин карманарын ырастаганын билдирди. Тараптар Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңешине 2023-2025-жылдарга мүчөлүккө шайланышынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Уюмдун төрагасы Иан Борч климаттын өзгөрүүсү орчундуу көйгөй болуп жатканын жана бул Борбор Азия чөлкөмүндөгү өнүгүүгө, коопсуздукка жана туруктуулукка кесепети тийип жатканын айтты.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) төрагасы, Мальтанын тышкы жана европалык иштер жана соода министри Иан Борч Бишкекте иш сапары менен жүрөт. Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, Чек ара кызматынын жетекчиси Уланбек Шаршеев менен расмий жолугушууларды өткөрүү мерчемделген. Мындан тышкары, жарандык коомдун өкүлдөрү жана ЕККУ Академиясынын студенттери менен жолугуп, пикир алышат. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG