Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:15

УКМК Чек ара кызматынын офицери пара менен кармалганын билдирди


Улуттук коопсуздук комитетинин Ош облусундагы башкармалыгынын имараты.
Улуттук коопсуздук комитетинин Ош облусундагы башкармалыгынын имараты.

Ош гарнизонунун чек ара мекемесинин офицери жемкорлукка шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 26-июнда билдирип, шектүү башка аскерлерден акча алып жатат деген видеону жарыялады.

Офицер "материалдык пайда алуу максатында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ар кандай шылтоолор менен көптөн бери чек арачы аскерлерден акча талап кылып жүргөн" деп шек саналууда.

39 жаштагы аскер кызматкери Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") менен мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында 25-июнда колго түшкөн. Ага шерик болушу мүмкүн деген башка адамдарды аныктоо иштери уланууда.

Шектүүнүн аты-жөнү айтылган жок. Ал тараптан азырынча комментарий боло элек. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG