Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:46

Марк Рютте НАТОнун башкы катчысы кызматына бекитилди


Марк Рютте.
Марк Рютте.

НАТО уюмунун жаңы башкы катчысы кызматына Марк Рютте бекитилди. 26-июнда Брюсселде уюмга мүчө өлкөлөрдүн элчилери Нидерланддын премьер-министрлик мөөнөтүн жыйынтыктап жаткан Рюттени бул орунга дайындоо тууралуу чечим кабыл алышты.

Рюттенин жалгыз атаандашы – Румыниянын президенти Клаус Йоханнис өткөн аптада талапкерликтен баш тартканын жарыялаган.

Дайындоо расмий түрдө альянстын кезектеги саммитинде жарыяланат. Саммит июль айында Вашингтондо өтөт.

Марк Рютте 57 жашта. Ал Нидерланд өкмөтүн 2010-жылдан бери төрт мөөнөт удаа башкарып келди.

НАТОнун башкы катчылыгына беш жылдык мөөнөткө Рютте Украинада согуш уланып, европалык жана глобалдык коопсуздукка коркунуч жаралып жаткан кезде келе жатат.

Анын дайындалышын уюмдун бардык 32 мүчөсү колдогон. Акыркылардан болуп Венгрия жана Словакия макулдугун беришкен. Венгриянын орусиячыл өкмөт башчысы Виктор Орбан бир нече ай бою Рюттенин талапкерлигине каршылыгын билдирип келген. Бирок Будапешт НАТО алкагында Украинага жардам көрсөтүү милдетинен бошотулат жана мындай жардамдын берилишине тоскоолдук кылбайт деген убададан кийин макулдугун берген.

Нидерланд өкмөтүн Рютте 10 жыл башкарды, ал Украинаны колдоо саясатын жүргүзүп, Орусияны согуш баштаганы үчүн айыптап келет.

Столтенберг 2014-жылдан берки баш катчылык кызматын 1-октябрда тапшырат, Рютте ишке эртеси күнү, 2-октябрда киришет.

НАТО – Европанын жана Түндүк Американын 32 өлкөсүнүн аскердик-саясий бирикмеси. Ал 1949-жылы тышкы агрессиядан чогуу коргонуу максатында түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG