Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:13

Кыргызстан менен Өзбекстан Таластан Ташкентке жол салууну пландап жатат


Үрүмчүдөгү жолугушуу.
Үрүмчүдөгү жолугушуу.

Кыргызстан менен Өзбекстан Талас-Чаткал-Ташкент жолун курууну пландап жатат. 25-июнда Үрүмчүдө эки өлкөнүн өкмөт башчылары ушул маселени талкуулашты.

Бишкектин маалыматына караганда, учурда долбоордун Жол картасы иштелүүдө. Аталган жол соода көлөмүн кеңейтүү жана туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Учурда Кыргызстандан Ташкентке Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарындагы чектеш аймактардан, ошондой эле Казакстан аркылуу жол бар.

Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары - Акылбек Жапаров менен Абдулла Арипов жумушчу сапар менен шейшембиде Кытайдын Шиңжаң-Уйгур автоном районунун борбору Үрүмчүгө барышкан.

Алар Чаткал дарыясына ГЭС куруу долбоорун да талкуулашканы айтылат Кыргызстандын Министрлер кабинети тараткан билдирүүдө. Ошондой эле Кыргызстандан Өзбекстанга көмүр жеткирүү багытын көздөгөн ленталык конвейерди жана көмүр логистикалык борборун куруу боюнча биргелешкен иштерди аткарууну да сүйлөштү.

Бир канча жыл сууп турган Бишкек менен Ташкенттин мамилеси 2016-жылы Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин жакшыра баштаган. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG