Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:47

Украина Садыковго кол салууга шектүүлөрдү экстрадициялоо аракетин баштады


Айдос Садыков. Архивдик сүрөт.
Айдос Садыков. Архивдик сүрөт.

Украинанын Башкы прокуратурасы казакстандык журналист жана оппозиционер Айдос Садыковго кол салууга шектелип жаткандарды Казакстандан экстрадициялоо аракетин баштады. Бул тууралуу бүгүн 25-июнда «Азаттык» радиосунун украин кызматы билдирди.

«Башкы прокурордун кеңсеси өзгөчө оор кылмышка шектелип жаткан эки адамды экстрадициялоо үчүн Казакстан Республикасынын компетенттүү органдарына кайрылуу үчүн документтердин пакетин даярдоодо», – деп айтылды мекеменин маалыматында.

Казакстандын жараны, Украинада качкын макамында жашап жаткан Садыковго кол салуу Киевде быйыл 18-июнда, өзү жашаган үйдүн короосунда болгон.

Бул үчүн эки казакстандык жаран шектелүүдө. Алар, украин тарап билдиргендей, ошол эле күнү Украинадан чыгып кеткен. Экөөнө тең эл аралык издөө жарыяланган.

Украинанын Башкы прокуратурасы 20-июндагы маалыматында кылмышка 36 жаштагы Алтай Жаканбаев жана 33 жаштагы Мейрам Каратаев шектелип жатканын, кылмыш иши «буюртма боюнча алдын ала сүйлөшүп, топтошуп алып адам өлтүрүүгө аракет кылуу» деген берене менен козголгонун билдирген.

Шектүүлөрдүн бири Жаканбаев Казакстандын күч органдарына өзү барып колго түшкөнүн казак Башкы прокуратурасы 21-июнда кабарлаган.

Садыков Казакстанда 2010-жылдан бери оппозициялык «Азат» партиясынын Актөбө аймактык бөлүмүн жетектеп келген. Ал мурдагы жана азыркы казак бийлигин сындаган материалдарды жарыялап жүрчү. Казак президенти Касым-Жомарт Токаевди орусиячыл саясатчы деп сындаган. Садыков негиздеген YouTube каналдын миллиондон ашуун катталуучусу бар.

Оппозиционер Украинага үй-бүлөсү менен 2014-жылы көчүп барган.

Жубайы Наталья Садыкова "Ок анын чыкыйына тийген. Тилекке каршы, мээ жабыркаган", - деп айткан жана кол салууну күйөөсүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Ал Садыковду көз алдында атып кетишкенин айтып, кол салуу үчүн жоопкерчиликти казак бийлиги менен президент Токаевге жүктөгөнүн Фейсбук баракчасына жазган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG