Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:55

Миллер согушту бүгүн болсо да токтотуу Орусиянын колунда экенин айтты


Метью Миллер.
Метью Миллер.

Украинада да, Орусиянын өзүндө да адамдардын өмүрүн алып жаткан кармаш үчүн орус бийлиги күнөөлүү жана бул согушту ал өзү токтото алат. Мындай пикирин АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Мэтью Миллер 24-июнда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Албетте, жай тургундардын өмүрү кыйылып жатканы бизди кейитүүдө. Биз Украинаны курал-жарак менен өзүнүн эгемен аймагын, анын ичинен, албетте, Украинанын бөлүгү болуп эсептелген Крымды куралдуу агрессиядан коргоосу үчүн камсыздап жатабыз. Орусия согушту, адамдар жапа чегип жатышын, Украинага таандык аймактарды оккупациялашын, жай тургундарга кол салуусун мына бүгүн болсо да токтото алат эле», - деди ал.

Миллер Крымдын Севастополь шаарындагы окуяга АКШнын эч кандай тиешеси жоктугун айтып, орус бийлиги мындай «жарыбаган» айыптоолорун буга чейин да, мисалы, «Крокус Ситидеги» кол салууга байланыштуу да айтканын, кийин бул окуя үчүн жоопкерчиликти өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук уюм менен байланышкан топ алганын кошумчалады.

Орусия аннексиялап алган Крымдагы Севастополь шаарындагы 23-июндагы ракеталык чабуулдан жабыркагандар 124 киши экенин, алардын бешөө (үч бала, эки чоң киши) каза болгонун, дагы беш бала реанимацияда жатканын калаанын Орусия дайындаган башчысы Михаил Развозжаев 24-июнда билдирген.

Орусиянын Коргоо министрлиги чабуул үчүн Украинаны айыптап, «кассеталык бөлүкчөлөр менен жабдылган америкалык ATACMS ракеталары колдонулганын» маалымдаган. Тергөө комитети «теракт» деген негизде иш козгоп, тергөө жүргүзүүдө.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Орусиядагы элчиси Линн Трейсини чакырып, ага Севастополдогу окуяга байланыштуу «демарш жасалганын» 24-июнда билдирген. Мекеменин сайтындагы маалыматта Украина бийлиги «Севастополдо жайкын тургундарга ракеталык сокку урган», «Вашингтон колдоп, курал-жарак менен жабдып жаткан Киев режими» деп аталган.

Дипломатиялык тажрыйбада демарш деп адатта кайсы бир маселе боюнча позицияны жеткирүү үчүн жасалган билдирүү аталат. Анын мазмуну максатка жана түзүлгөн жагдайга байланыштуу болот.

Орусиянын тышкы саясий мекемесинин маалыматында «АКШ Орусияга каршы гибрид согуш жүргүзүп жатканы», Украинанын Куралдуу күчтөрүнө эң заманбап курал-жарак берүү менен согуштун түздөн-түз катышуучусу болуп калганы белгиленген.

Севастополдогу окуя үчүн «жооп чаралары сөзсүз болот» деп билдирген Орусия ТИМи.

Севастополь Крым жарым аралында жайгашкан. 2014-жылы Украинага таандык бул аймакты Орусия басып алган. 2022-жылы Орусия баштаган согушка чейин ал жер турист эң көп каттаган аймактардын бири болчу. Социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары былтыр, айрыкча быйыл эс алуу сезону дээрлик токтоп турганын, анткени Крымда Орусия аскердик бөлүк, казарма, кампа сыяктуу жүздөгөн объектилерин жайгаштыргандыктан коопсуздукка коркунуч сактала берерин жазып, көрсөтүп жатышат.

Орусия Украинага толук масштабдуу согушун 2022-жылы февралда баштаган. Ошондон бери Украинанын ар кайсы аймактарында күн сайын адамдар өлүп, үйлөр, мекемелер кыйроодо. Миллиондогон украин жарандары качкын болуп жүрөт.

Украина Орусиянын агрессиясынан анын курал-жарагын өз аймагынан жок кылуу аркылуу гана арылса болорун айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG