Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:31

Садыр Жапаров "апрелчилерге" 1 гектар жер бөлүп бергенин айтты


Президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер Апрель ыңкылабына коюлган эстеликтин жанында. 7-апрель, 2023-жыл. (архивдик сүрөт)
Президент Садыр Жапаров баштаган мамлекеттик жетекчилер Апрель ыңкылабына коюлган эстеликтин жанында. 7-апрель, 2023-жыл. (архивдик сүрөт)

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2010-жылдагы Апрель окуясында жабыр тарткан адамдар эки жылдан бери жардам сурап келишкенин, жакында аларга 200 орундук тигүү фабрикасын куруу үчүн 1 гектар жер бөлүп бергенин "Кабар" агенттигине 22-июнда курган маегинде билдирди.

Мамлекет башчы апрелчилер мурдагы президент Курманбек Бакиевден каза болгон жакындары үчүн кун төлөп берүүсүн талап кылышын сурангандарын, бирок, андан баш тартканын айтты.

“Туугандар, мени Бакиев менен силердин ортоңорго аралаштырбагыла, ансыз деле менин башка баш оорум көп” деп баш тарткам. Арадан бир топ убакыт өтүп былтыр күз айларында дагы келди. “Биз Бакиев менен сүйлөштүк, ал бизге 200 кишилик тигүү фабрикасын куруп берүүгө убада берди. Бизге жер бөлүп бериңиз, биз абдан кыйналдык, алды чет өлкөгө тентип кетишти, артыбыз жумушсуз кыйналып жүрөбүз” деп суранышты. Акыбалдарын байкасам, чынында эле кыйын экен. Ортодо убактылуу өкмөт тарапка бир топ нааразылык сөздөрдү айтышты", - деген Садыр Жапаров.

Президент аягында "апрелчилердин" абалына боору ооруп, аларга фабриканын курулушу үчүн 1 гектардан ашыгыраак жер бөлдүрүп бергенин кошумчалаган.

"Апрель окуясында жакындары каза болгондор 205 киши топтолуп, акционер болуп акционердик коом ачышыптыр. Жерди ошол коомго бердик. Жалгыз кишиге берген жокпуз" деген мамлекет башчы "апрелчилер" менен Бакиевдердин сүйлөшүүсүнөн кабары жоктугун айтып, эгер фабрика курулбаса, жерди кайра мамлекетке алып коерун билдирди.

Быйыл 5-январда президент Садыр Жапаров Апрель окуясында жабыркагандардын жакындарын жана катышуучуларын кабыл алган. Жолугушуу президенттин администрациясынын имаратында өтүп, ага 200дөн ашык киши катышкан.

Көп өтпөй, апрелчи кыймыл-уюмдар өзүнчө ассоциация түзүп, ага Социал-демократиялык партиянын лидери Темирлан Султанбековду баш катчы кылып шайлашкан. Алар бийликти "Бакиевди алып келүүгө аракет кылып жатат" деп айыпташкан.

Кыргызстанда 80ден ашык адамдын өмүрү кыйылган 2010-жылдагы Апрель окуясы бийлик алмашуу менен аяктаган.

Ошол кездеги президент Курманбек Бакиевди үй-бүлөлүк, кландык-криминалдык башкарууга айыптаган нааразылык акциялары алгач Нарын менен Таласта башталып, Бишкекте Ала-Тоо аянтына чогулган элге каршы ок атылган.

Бийликтен кулатылган Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуста баш калкалап келет. Былтыр мурдагы президентти актоо аракети башталганы тууралуу талаш-талкуулар жанданган. Президент Садыр Жапаров азыркы бийликтин Бакиевдерди актоо ниети жоктугун билдирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG